Биз жөнүндө

Билим берүү мекемесинин  түзүлүшү  жөнүндө маалымат:

 

К.Сыйданов атындагы ЖББОМ эки корпустан турат: башкы корпус 1969-жылы курулуп пайдаланууга берилген, башталгыч класстарынын корпусу 1971-жылы курулган. Эки корпус теӊ  бала бакчага ылайыкталып курулган.  Корпустар  1992-жылы  реконструкциялнып, башталгыч класстарынын жана башкы  корпус болуп ишке киргизилип,Москва райондук мамлекеттик администрациянын  08.10.1992ж  №210 токтому менен «Келечек» орто мектеби деп аталган.

09.03.2005ж  Беловодск а/кеӊешинин сессиясынын    №24 чечими менен мектепке Курманбек Сыйдановдун ысымы ыйгарылган.   Азыркы учурда мектеп 2018-жылдан бери «К.Сыйданов атындагы  жалпы билим берүү орто мектеби» деп аталат. Мектептин эки имаратынын жалпы аянты  19270м2, проект боюнча кубаттуулугу 450 окуучуга ылайыкташкан. Имараттар борбордук жылуулук берүү системасына  туташтырылган,ысык суу,муздак суу бар.

Мектеп башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын ишке ашырат.

Мектеп 2019-жылы  программалар боюнча аккредитациядан өткөн.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги №СС180006000 сертификаты   «Негизги жалпы билим берүү», «орто жалпы билим берүү»

Негизи: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 24-майындагы  №632/1 буйругу.   Сертификаттын мөөнөтү 23.05.2023 жыл.

Алты жаштан 18 жашка чейинки бардык окуучуларга мамлекеттик билим берүү

стандарттарынын чегинде мамлекет тарабынан кепилденген акысыз билим алуу укугун ишке

ашыруу мүмкүнчүлүгүн берет, мектепте юридикалык жактын мамлекеттик кайра

каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, каттоо номери 83610-3308-М-е ( 23.10.2018ж)

Мектеп үч баскычтагы билим берүүчү жалпы билим берүүчү мекеме болуп саналат. Мектеп Беловодск айыл аймагынын аймагында жайгашкан. Жаратылыш шарттары ынгайлуу: мектептин жанында «Таӊ нуру» балдардын чыгармачылык борбору,спорт аянтчасы, бак-дарактар, гүлзарлар бар кеңири «жашыл зонасы» бар.

Уюштуруучулар:

Уюштуруу-укуктук формасы: мекеме.

Менчик: аралаш